Коом Лейлек районунун Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы үйлөр пайдаланууга берилди

Лейлек районунун Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы үйлөр пайдаланууга берилди

Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барып, анда кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында жаңы курулган үйлөрдү ээлерине тапшырды.Жалпысынан Лейлек районунун Максат айылында 84 үй -бүлө жаңы турак үйгө көчүп киришти. Буга чейин президент 6-майда Максат айылына болгон иш сапарында кол салуудан жабыркаган бир да үй-бүлө колдоосуз калбай тургандыгын билдирген болчу.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда аларды эгемендиктин  30 жылдыгы жана жаңы конушка кириши менен куттуктады.Ошондой эле ал жаңы үйлөрдө дайыма тынчтык жана ынтымак болушун каалап, аталган үйлөрдө патриот, кыргыз эли үчүн кызмат кылган уул-кыздарыдын өсүп чыгуусун каалады. Баткен районунда курулушу бүтө элек дагы 40ка жакын үйдүн сентябрдын ортолорунда толук бүтө тургандыгын убадалады.Мындан сырткары мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарды эч нерседен коркпой жашоосун улантууга чакырып, алардын коопсуздугун толугу менен мамлекет коргой тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган.

Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протоктол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.