Польша менен Беларустун чек арасында мыйзамсыз келген мигранттардын агымы өстү. Алар Евробиримдиктин аймагына кирип кирип, чек ара тосмосун эки жерди талкалап кетишкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Качкындардын айрымдары кармалып, калгандары изделүүдө. Польшанын президенти Беларус өкмөтүн мамлекеттик чек арага чабуул жасады деп айыптады. Варшаванын расмий билдирүүсүнө караганда, өткөн суткада эле качкындар өлкөгө 300 жолу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышкан. Жакынкы Чыгыштан келген качкындар кычкач жана кулаган дарактар менен тикенектүү зым тосмону жарып өтүүгө аракет кылышкан. Аларды таратуу үчүн атайын кызматтар көздөн жаш агызуучу газ колдонушту.
«Эл аралык коомчулук кырдаалга көз салып турат. Мен кошуна өлкөлөрдү эле эмес, батыш жана борбордук Европа өлкөлөрүн да айтып жатам. Алардын берген баасы ачык. Беларустагы режим Польша менен Европанын чек арасына олуттуу зыян келтирүүдө», — деди Польшанын президенти Анджей Дуда.
Польшанын атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, азыр Беларустагы качкындардын саны 12 миңден 15 миңге чейин жетет. Алардын көбү ирактык күрттөр. Алар 8-ноябрдан тарта чек арага келе башташты. Качкындар Германиянын аймагына өтүүнү каалашканын айтышкан.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Евробиримдик Минскиге качкындар үчүн санкция киргизүү ниетинде. Тизмеге Беларустун 30 жараны жана компаниялары кириши мүмкүн. Алардын арасында Белавия жана Тышкы иштер министрлиги бар.