Спорт Паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар жарышка чыга турган күндөр белгилүү болду

Паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар жарышка чыга турган күндөр белгилүү болду

Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар жарышка чыга турган күндөр белгилүү болду.

Бул оюндарга Кыргызстандан эки спортчу — пара-жеңил атлетика боюнча (чоюн ыргытуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта Хайитхон Хусан кызы лицензия алган.

Биринчи болуп жарышка Хайитхон Хусан кызы чыгат. 28-августта ал биринчи беттешинде казакстандык Даяна Федосова менен күрөшөт.

Ал эми Арыстанбек Базаркулов 4-сентябрда күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, Токиодогу Паралимпиада оюндары 24-августта башталган. Ал 5-сентябрда аяктайт.

Быйылкы Паралимпиада оюндарынын программасына тхэквондо менен бадминтон да кошулуп, жалпысынан спорттун 22 түрү кирген. Бул оюндарга 162 улуттук команда, анын ичинде качкындар курамасы катышууда. Токиодогу Паралимпиадада 4 миң 400 спортчу күчүн сынайт.