Коом Памирлик кыргыздар туруктуу турак жай же жер сурап жатышат

Памирлик кыргыздар туруктуу турак жай же жер сурап жатышат

Памирлик кыргыздар туруктуу турак жай же жер сурап жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова билдирди.
Ал белгилегендей, эл өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү Нарынга шаардын активинин чакыруусу менен келишкен.
«Сапардын жүрүшүндө памирлик кыргыздардын үй-бүлө башчылары менен жолугуштук. Алар Кыргызстанда 11 үй-бүлө калганын, экөө чыгып кеткенин айтышты. Алар туш болгон негизги көйгөйлөрдү белгилешти. Тактап айтканда, аларга айрым турак жайларды же жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин Жогорку Кеңеште көтөрүп, дыйканчылыкка көмөк көрсөтүүнү суранышат. Бир жерден экинчи жерге көчүп чарчадык дешет”,-дейт Аида Исмаилова.
Ал кошумчалагандай, памирликтер техникалык билим алгандан кийин аларга документтер берилбей калганына нааразы. Кайрылман деген статуска ээ болгондорго уруксат берилбейт имиш. «Бирок бизде диплом алган чет элдиктер абдан көп! Эмне үчүн иммигранттар мүмкүн эмес? Кыргыз Республикасы үчүн кайрылмандын статусу маанилүү. Биз маселелердин үстүндө иштей баштадык», - деп белгиледи депутат.
Үчүнчү суроо кайрылмандардын абалына байланыштуу болду. Документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен памирликтер аны узартуу үчүн Бишкекке барууга аргасыз болуп, процедураны жөнөкөйлөтүүнү суранышат. Жакында келген дагы экөө үч-төрт айга чейин статус ала алышпайт.
«Миграция кызматы белгилүү бир текшерүү процедурасы бар деп жооп берди. Алар документтерди алаары менен укук коргоо органдарына жана башка органдарга, анын ичинде Ооганстанга жөнөтүлөт. Бирок, памирлик кыргыздар эмне үчүн кечигүү болуп жатканын түшүнбөй жатышат», - дейт Аида Исмаилова.
Эске салсак, 2017-жылы күзүндө Кыргызстанга 49 памирлик кыргыздар балдарга билим берүү жана тарыхый мекенин таанытуу максатында келген. Климаттын окшоштугун эске алып, Нарын облусуна отурукташкан. Алар үч ай бою окуудан өтүп, облустун жашоо шарты менен тааныштырылып, андан соң убактылуу турак-жай, жумуш менен камсыз болгон.