Коом Ошто жаңы аэропорттун курулуш долбоорунун орду жарыяланды

Ошто жаңы аэропорттун курулуш долбоорунун орду жарыяланды

Облустук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы Алтынбек Анарбаев жергиликтүү басылмасынын кабарчысына билдиргендей, аэропорттун курулушуна жер бөлүнгөн. Алар объектинин курулушун 2016-жылы пландап башташкан.
«Аталган айыл өкмөттөрдүн башчылары жайыт жерлерин, айыл чарба жерлерин бошотуу иштерин жүргүзүп жатышат. Аэропорттун курулушуна жалпысынан 222 гектар жер каралган. Тээ 2016-жылы Бишкек шаарынан адистер келип, тик учак менен учуп, келечектеги өнүгүү багыты менен таанышып келишкен. Жерди тандап алууда келечекте туман өңдүү маселе болбойт деген принципти жетекчиликке алганбыз. Ошондуктан бул жерлер тандалып алынган. Азыр айыл өкмөттөр айдоо, жайыт, үлүш жерлерди бошотуу боюнча иш алып барууда», — деди Анарбаев.
2021-жылдын февраль айында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Түркия Ош облусуна жаңы аэропорттун курулушуна кызыкдар экенин билдирген.
Андан соң облустагы ыйгарым укуктуу өкүл Жарасул Абдураимов аэропорттун курулушу пландалып жаткан жерге барды. Мады айылынан 10 гектар жер бөлүнүп берилгени маалым болду.