Коом Ош шаарынын аймагында арзан баада көмүр сатыла баштады

Ош шаарынын аймагында арзан баада көмүр сатыла баштады

Кечээ, 24-ноябрдан тарта Ош шаарынын аймагында арзан баада көмүр сатыла баштады.

Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, шаар мэри Алмаз Мамбетов көмүр сатуу пункттарын кыдырып чыкты.

«Ош шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү жашоочуларды арзандатылган көмүр менен камсыздоо максатында эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзүлгөн.
Кечээ 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн 5 техника бөлүндү.

Учурда муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында 7 жайга көмүр сатуу жайлары уюштурулду.

Өзгөндүн көмүрү тоннасы 3000 сомдон, Алайдын көмүрү 4000 сом деп бекитилди.

Базар наркынан төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот», — деп билдиришти мэриядан.

Ош шаарынын аймагында арзандатылган баада көмүр сатуучу пункттардын даректери:

  1. Туран аймактык башкармалыгы, Дача участкасы, Нагорная көчөсү 1;
  2. Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы, Курманжан Датка көчөсү, “Ош-Ойл” май куюучу бекетинин маңдайы;
  3. Керме-Тоо аймактык башкармалыгы, Черемушка кичи району, Муминов көчөсү, Араван тракт, 218-квартал;
  4. Манас-Ата аймактык башкармалыгы, Жаштар көчөсү 49;
  5. Амир-Темир аймактык башкармалыгы, Целинная көчөсү, милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты;
  6. Курманжан Датка аймактык башкармалыгы, Ташкент көчөсү 56; 7. Жапалак аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо айылы, Каримов көчөсү.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/386855/