Саясат Ош шаарына мэр болуп Алмаз Мамбетов шайланды 

Ош шаарына мэр болуп Алмаз Мамбетов шайланды 

Алмаз Мамбетов буга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан. Бүгүн ал депутаттардын көпчүлүк добушу менен калаа башчысы болуп шайланды.

Бүгүн, 26-август күнү, Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында Алмаз Мамбетов калаа мэри болуп шайланды.

Жыйынга 45 депутаттын баары тең толук катышып, 43ү «макул», экөө «каршы» добушун берди.