Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, 6-7-8-9-ноябрь — эс алуу күнү болот.
«Быйыл 7-ноябрь жекшемби күнгө туш келет. Эгерде майрам күнү эс алуу күнгө дал келсе, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө жылдырылат», — деп билдиришти министрликтен.
- Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгиленген.