Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, 6, 7, 8 жана 9-ноябрь — эс алуу күндөрү болот. «Быйыл 7-ноябрь жекшемби күнгө туш келет. Эгерде майрам күнү эс алуу күнгө дал келсе, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө жылдырылат», — деп билдиришти министрликтен.
- Кыргызстанда 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленген.