Коом Мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбеков милиция кызматкерлерине кесиптик майрамына карата куттуктоосун...

Мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбеков милиция кызматкерлерине кесиптик майрамына карата куттуктоосун жолдоду

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 97 жыл толду. Бул майрамга карата мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков милиция кызматкерлерине өзүнүн куттуктоосун жолдогон.
“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Бардыгыңыздарды 1-ноябрь-Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат тилейм. Арабызда эч качан жоготуу болбосун. Арабыз түгөл болсун. Силердин оор, татаал кызматыңарды билем. Ошондуктан, бардыгыңыздарга ден соолук каалайм.
Урматтуу ардагерлер, сиздер дагы ардактуу эс алууда жүрөсүздөр. Сиздерге дагы ийгилик, бекем ден соолук, үйүңүздөргө аманчылыкты каалайм. Дагы бир жолу бардыгыңыздарды Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктайм”,-деди Бакирдин Субанбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы