Коом Москвада Кыргызстан менен Өзбекстандын жараандары мушташып, полиция 11 адамды кармады

Москвада Кыргызстан менен Өзбекстандын жараандары мушташып, полиция 11 адамды кармады

Москванын Басманный районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын дворниктери мушташкан, деп жазат «Коммерсант».
Окуя 2-декабрда Машков көчөсүндө болуп, эртеси полиция 11 адамды: жети кыргызстандык жана төрт өзбекстандык жаранды кармаган. Кагылышуу учурунда үч адам жабыркаган.
«Кармалгандардын үстүнөн майда бейбаштык боюнча протоколдор түзүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды», - деп жазат гезит укук коргоо органдарында.

Автор: Алмазбекова Дефне