Коом Милиция аялын сабаган киши камакка алынды

Милиция аялын сабаган киши камакка алынды

Бишкектеги соода борборлорунун биринин алдында аялына кол көтөргөн киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 28 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы факт Кылмыш кодексинин 266-беренесинин («Бейбаштык») негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдаган.

Эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео социалдык трамактарга тараган. Окуя 8-ноябрда күндүзгү саат экиге жакын, Бишкектеги соода борборлорунун автоунаа токтотоочу жайында болгонун күбөлөр жазышкан. Милиция алар жубайлар экенин, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.