Коом Мексикада автобус менен болгон кырсыктан 19 адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат...

Мексикада автобус менен болгон кырсыктан 19 адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат алды

Мексиканын борборунда автобус кырсыкка учурап, кеминде 19 адам каза болуп, 32 адам жаракат алганын ABC News билдирди.
Мамлекеттик саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына караганда, жабыркагандардын арасында бир нече аялдар жана балдар бар. Кырсык Мехиконун түштүк-батышындагы Хокисинго шаарчасындагы трассада болгон. Туристтердин автобусу тормозу иштебей калгандыктан имаратты сүзүп алганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, автобус Turismo Tejeda туристтик компаниясына таандык жана Сахуайо муниципалитетинен (Мичоакан штаты) христиандар зыярат кылуучу жай болгон Сантуарио-дель Сенор де Чалманы көздөй бара жаткан.
Миленио гезитинин маалыматына караганда, окуя болгон жерге 10 тез жардам бригадасы келген. Абалы оор деп бааланган бир нече жабырлануучуну эвакуациялоо үчүн бийлик эки тик учакты колдонду.

Автор: Алмазбек кызы Үпөл