Коом Медер Алиев: Үйлөрүн, машинелерин күрөөгө коюп, шайлоодон утулгандар, эптеп шайлоонун жыйынтыгын жокко...

Медер Алиев: Үйлөрүн, машинелерин күрөөгө коюп, шайлоодон утулгандар, эптеп шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарабыз дегендер арам оюн ишке ашыра албай жүрүшөт

Ээ тангоруу десе.. заманын кургур. Угуп жаканды кармайсын..

Канча деген депутаттыка талапкерлер уйлорун, машинелерин куроого коюп, сатып, миллион деген акчаларды карызга алып.. отпой калышып азыр ооруп больницага жатып калгандары бар экен. Кулку эмес, ыйлай турган жагдай. Ошолордун кээ бирлери эми эптеп шайлоону жокко чыгарабыз дешип кара ойлорун ишке ашырабяз деп жатышыптыр.

Бир региондо утулуп калган кандидаттар, озубуздун кыргыздар экен, бир ынтымакка келише албай добуштар чачырап кетип эми ошол региондо жашаган башка улуттун окулдоруно силерге коргозобуз дешип жатышыптыр. Кыйраттынар, шайлоодо утулсанар башка улут куноолубу?!

Омурундо он кишинин добушун ала албаган, 30 жыл аралыкта саясатта журуп кыргызды азыркы акыбалга алып келген, элдин ишениминен давно чыккан талапкерлер да журушот дейт ызылдашып добушум уурдалды дешип.

Тангору, шайлоонун шайтан оюну. Адамды айбан кылган шайлоо.

Куто туралы, провокацияга алдырбайлы, кол менен эсептоо бутсун, бут тараптар ошого катышсын. Баары мыйзам чегинде болсун.

Урматтуу шайлоочуларым, сиздерге рахмат, таазим этем акчасы жок мени которуп алдыныздар. Кудай буйруса ишеничиниздерди актайм. Ар бир берген добушунуздар мага аманат, ар бирине курошом, барктайм. Озгочо таасирленткен мага чалып, мени шайлайм деп кундун суугуна карабай Бишкектен атайын башка регионго барып келген Бактыгул апага рахмат. Сиздей тарапташтарымдын ар бириниздердин добуштарын жерде калтырбайбыз. Баары мыйзам чегинде болсун.