Коом Манасчы Дөөлөт Сыдыков 7-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 7-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 7-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди.

Маданият министрлиги билдиргендей, аны аэропорттон министр Кайрат Иманалиев, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, манасчынын жакын туугандары, достору жана жөнөкөй жарандар тосуп алды.

Буга чейин Манасчы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында беш күн, беш түн, жалпысынан 111 саат «Манас» айткан. Биринчи күнү ал 24 саат бою токтобостон «Манас» айтып, эпосту эң узак айтуу боюнча өзүнүн рекордун жаңырткан.

Буга чейин ал 2020-жылдын 12-ноябрында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан.