Иш-чара ошондой эле белгилүү манасчылар Назаркул Сейдракманов менен Талантаалы Бакчиевдин юбилейлерине да арналаары айтылууда.
4-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда «Манас» эпосунун күнүнө карата иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Салтанат «Манас» айтсак кулак бүтөт ташка дагы, манасчылар өнөргө бай башка дагы» деп аталат.
«Иш-чара ошондой эле Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналат», — деп айтылат билдирүүдө.
Назаркул Сейдракманов учурда «Манас-мурас» коомдук фондунда устаттык кылат. 2010-жылы Даңк медалы менен сыйланган. Сейдракманов 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык салтанатына арналып өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык сынагында баш байгеге ээ болгон.
Талантаалы Бакчиев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору. 2014-жылы Эл аралык «манас» таануучулар ассоциациясынын президенти болуп шайланган.
Салтанаттуу иш-чарага кирүү акысыз.