Коом Мамлекет башчы бир жуманын ичинде мектеп-интернаттардагы балдардын тамак-аш рационун жогорулатуу боюнча чечимдин...

Мамлекет башчы бир жуманын ичинде мектеп-интернаттардагы балдардын тамак-аш рационун жогорулатуу боюнча чечимдин долбоорун кароону тапшырды.

Балдардын социалдык мекемелеринин тамак-ашына күнүнө 110 сомдон бөлүнүп жатканы президент Садыр Жапаровго жаккан жок.
Ал бир күн мурун Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болду.
Президентке балдардын эртең мененки тамагы үчүн даярдалган тамактар ​​көрсөтүлдү. Ар бир балага күнүнө 110 сомдон бөлүнөөрү айтылды. Жапаров буга нааразы болуп, бул сумма балдардын жана чоңдордун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга жетпей турганын билдирди.
Муну менен катар гуманитардык жардамдар да көрсөтүлүп жатканын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев түшүндүрдү.
Бул боюнча мамлекет башчы ар дайым гуманитардык жардамга ишенбеш керектигин айтып, Базарбаевге тарифти эки эсеге – 220 сомго чейин көтөрүүнү тапшырды.
«Тамак-ашты жакшы берсек, алардын ден соолугу бекем болот», - деди Жапаров.

Автор: Алмазбекова Дефне