Коом Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2712 адамга жетти

Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2712 адамга жетти

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда инфекциядан эки адам каза болду. Экөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2712 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 77 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Бишкек — 27
Чүй облусу – 23
Ош облусу – 7
Талас облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 6
Баткен облусу — 4
Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 605 адамга жетти.

Азыр ооруканада 521 бейтап жатат, дагы 734 адам үйдөн дарыланууда.