Тажикстандын УКМКсы кармап кеткен Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кайтаруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, 26-сентябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Уразбек Мирзоев келинчеги менен Арка айылынан Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Жийделик айылына бараткан учурда жүргүнчү ташыган маршруттан Тажикстандын атайын кызматы кармап кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, Мирзоев Худжанд-Канибадам унаа жолунда бараткан.
«Бүгүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуп, анда кыргыз жаранынын кармалышынын мыйзамдуулугу, ошондой эле аны Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселени карашат», -деп айтылат маалыматта.
23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин алар мекенине кайтарылган.
23-сентябрда да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Окуя Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп койгон.