Коом Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1500 тонна буудай берет

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1500 тонна буудай берет

Кытай мамлекети Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1500 тонна буудай жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарын берет. Бул тууралуу 9-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алууда белгилүү болду.

Кыргызстанда жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды.

Өлкөдө июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирген ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бир жылга бошотту.