Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 1 миллион 200 миң сомдук коон-дарбызды мыйзамсыз алып келгенин аныкташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусу боюнча ыкчам бажысынын кызматкерлери Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан «Шмитц» чиркегичи бар «Вольво-ФН12» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Жүк салуучу жайды текшерүү учурунда коңшу мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен ташылып келинген 20 тонна коон табылган.