Саясат Кыргызстандын транспорт жана жол министри дайындалды

Кыргызстандын транспорт жана жол министри дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков жарлыка кол койду. Ага ылайык, Жанат Бейшенов Саматович Кыргызстандын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Бейшеновдун талапкерлигин 24-январда Жогорку Кеӊеш жактырган. Талапкерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырган.

Бейшенов жоопкерчиликти сезип турганын айтып, жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса, министрликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштиктүү чара көрүүгө, тендерлердин өтүшүнө, бюджеттик каражаттын сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүгө убада берди.