Коом Кыргызстандын аймагында дагы 89 адам COVID-19 диагнозу менен катталды

Кыргызстандын аймагында дагы 89 адам COVID-19 диагнозу менен катталды

 Бүгүн, 21-сентябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 89 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.

Алар:
— Бишкек шаарында – 53
— Ысык-Көл облусунда – 6
— Нарын облусунда – 1
— Чүй облусунда – 17
— Талас облусунда – 2
— Ош облусунда – 1
— Жалал-Абад облусунда – 6
— Баткен облусунда – 3.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 177869 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.