Коом Кыргызстандын аймагында дагы 69 адам COVID-19 диагнозу менен катталды

Кыргызстандын аймагында дагы 69 адам COVID-19 диагнозу менен катталды

Бүгүн, 29-сентябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 69 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 38,
— Чүй облусунда – 17,
— Ысык-Көл облусунда – 9,
— Ош облусунда – 4,
— Баткен облусунда – 1,
— Ош шаарында – 0,
— Нарын облусунда – 0,
— Талас облусунда – 0,
— Жалал-Абад облусунда – 0.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 178 444 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 1 бейтап көз жумду.