Коом Кыргызстандын аймагында дагы 431 адам коронавирус катталды

Кыргызстандын аймагында дагы 431 адам коронавирус катталды

Бүгүн, 17-августка караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 431 адам коронавирус катталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Алар:

  • Бишкек шаарында 151 адам;
  • Чүй облусунда 93 адам;
  • Ысык-Көл облусунда 29 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 22 адам;
  • Баткен облусунда 16 адам;
  • Талас облусунда 15 адам;
  • Нарын облусунда 11 адам;
  • Ош шаарында 3 адам;
  • Ош облусунда 1.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 172 668 миң адам коронавирус менен катталган.