
Бүгүн, 4-сентябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 154 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
– Бишкек шаарында – 63,
– Ысык-Көл облусунда – 42,
– Чүй облусунда – 22,
– Талас облусунда – 7,
– Жалал-Абад облусунда – 7,
– Баткен облусунда – 7,
– Нарын облусунда – 5,
– Ош шаарында – 1,
– Ош облусунда – 0.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 176 миң 347 адам коронавирус менен катталган.
Ошондой эле акыркы суткада 5 бейтап көз жумду.