Коом Кыргызстандын аймагында дагы 104 адам COVID-19 катталды

Кыргызстандын аймагында дагы 104 адам COVID-19 катталды

Бүгүн, 7-октябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 104 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 69,
— Чүй облусунда – 18,
— Ысык-Көл облусунда – 10,
— Жалал-Абад облусунда – 5,
— Ош шаарында – 1,
— Баткен облусунда – 1,
— Нарын облусунда – 0,
— Талас облусунда – 0,
— Ош облусунда – 0.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 179036 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.