Коом Кыргызстанда Ысык-Көл эл аралык спорт оюндары өтөт

Кыргызстанда Ысык-Көл эл аралык спорт оюндары өтөт

Ысык-Көл облусундагы “Каприз” эс алуу борборунда 9-17-сентябрь аралыгында Ысык-Көл ХХI эл аралык спорт оюндары өтөт.

Оюндарга ШКУ, КМШ өлкөлөрүнүн спортчулары катышат.

Ысык-Көл эл аралык спорт оюндарына армрестлинг, стритбол, волейбол, гира спорту, дартс, жеңил атлетика, кичи-футбол, таяк тартыш, стол үстүндөгү теннис, аркан тартыш, сууда сүзүү, бука тартыш (Ысык-Көлдүн баатыры), оордуктарды ташуу (100 кг ташты ташуу) жана кыргыз күрөш кирет.

Ошондой эле суу жээгиндеги футбол, волейбол, регби, самбо, күрөш, сумо, алыш, жеңил атлетика боюнча мелдештер каралган.