Коом Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү белгиленди

Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү белгиленди

Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилова жетектеген расмий делегация жана чыгармачылык топ Кыргызстанда 12-14- август күндөрү маданият күндөрүн өткөрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

12- август. Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилованы аба майдандан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Виктор Харченко тосуп алды.

Россиянын маданият күндөрү алгач Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилованын катышуусу менен ММК өкүлдөрүнө эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтык тууралуу маалымат берүү менен башталды.

Тараптар учурдагы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын ийгиликтери жана алдыга коюлуп жаткан пландар менен бөлүштү.Андан соң, Россия Федерациясынын субъектеринин катышуусу менен болгон көргөзмө ачылды.

13-август. Россиянын маданият күндөрү А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында уланды. Анда Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилова жана расмий делегация кыргыз боз үйүнөн даам сызып , кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү менен таанышты.

Андан соң, Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү отуруму жана Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция өттү. Жумушчу топтун жыйынын Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Россия Федерациясынын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова алып барышты.

Отурумда, эки мамлекеттин ири маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилеринин катышуусу менен кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш- аркак жылынын жабылыш аземин өткөрүү, китепкана жана музей жаатында кызматташуу, аймактар аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле искусство боюнча кесипкөй кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Ал эми, Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференцияны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманованын жетекчилиги менен уланды. Анда Россия менен Кыргызстан тараптан катышып жаткан маданият мекемелеринин жетекчилеринин пикир алышуусу жана келечекте жасала турган кадамдар талкууланды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри жана Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары биргелешкен протоколго кол коюшту. Маданият күндөрү Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм музейинде Россиянын руханий -маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган көргөзмө менен уланды.

Ал 2021 -жылдын 1 -сентябрына чейин өтөт.Ошондой эле бул күнү, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Санкт -Петербург метрополитинин дин кызматкерлеринин хорунун концерти өтүп, XX кылымдагы мыкты чыгармалар жаңырды. Ушул эле концерт, 14-август күнү Кант шаарындагы Андашбек Тойтоев атындагы маданият сарайында өтүп, Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды.