Коом Кыргызстан жаңы штаммга байланыштуу карантин киргизүүнү караштырбайт

Кыргызстан жаңы штаммга байланыштуу карантин киргизүүнү караштырбайт

 
«Кыргызстанда жаңы омикрон штаммына байланыштуу карантин киргизүү маселеси азырынча карала элек», - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова брифингде.
Анын айтымында, коронавирустун дагы бир түрү 32 мутацияны камтыйт. «Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында министрлер кабинетинин тапшырмасы менен өлкөгө кирүү алгоритмин өзгөртүүнү карап жатат. Буга чейин акыркы 72 саатта жасалган терс ПТР тести менен гана кирүү мүмкүн деген чечим бар», - деди Бактыгүл Исмаилова.
Анын айтымында, азырынча башка чектөө чаралары каралбайт. Ал эми санитардык нормаларды сактоого жана эмдөө алууга чакырды.
Эскерте кетсек, буга чейин 1-декабрдан тарта Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЦР-тесттен өтүү талабы (акыркы 72 саат ичинде) киргизилгени белгилүү болгон. Республикага кирүү үчүн чет элдиктер жана кыргызстандыктар эмдөө статусуна карабастан Кыргыз Республикасына келгенге чейин коронавирустук инфекцияга ПЦР-тесттен өтүп, терс тесттен өтүшү керек.

Автор: Алмазбекова Дефне