Коом Кыргызстан кездемени өзү чыгара баштады, эми импортко көз каранды болбойт

Кыргызстан кездемени өзү чыгара баштады, эми импортко көз каранды болбойт

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жылдын башынан бери 3 миңден ашуун долбоорду каржылаган. Экономикага кошкон салымы 400 миллион доллардан ашты.

Кыргызстан өзүнүн ишканаларын ачкандыктан бир катар товарларга болгон муктаждыкты жаап баштайт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков Евразиялык экинчи конгрессте билдирди.

Анын айтымына караганда, фонд республиканын экономикасына 400 миллион доллардан ашык акча салды. Ал жыл башынан тарта баш-аягы үч миңден ашуун чакан, ири, орто жана системалуу долбоорду каржылаган.

Новиков жогоруда айткандары боюнча төмөнкү мисалдарды келтирди:

Кластердик өнөр жайдын толук циклин түзүүгө мүмкүн болду, ал жип ийрүү үчүн пахтаны өздөрү өстүргөндөн тарта кийим-кече тиккенге чейинки процесс. Кыргызстан мурда кездемени 100 пайыз импорттоп келсе, азыр муктаждыктын бир бөлүгүн өзүнүн өндүрүшү менен жаба баштады;

Кыргызстандагы кант тармагын калыбына келтирип жана өнүктүрүүнү колдогон долбоор. Кант заводун жандандырып, кант кызылчасын өстүргөн 3 миңге чукул фермерди ишке тартышкан. Анын натыйжасында өлкө бул продукция боюнча муктаждыгын 100 пайыз өзү жапты;

Фармацевтика тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кээ бир препараттарды өндүрүү боюнча ири долбоор ишке ашканы турат, ал муктаждыкты 100 пайыз жабууга ниеттенүүдө.

Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. Эл аралык Sputnik агенттиги менен радиосу конгресстин башкы маалыматтык өнөктөшү болду.