Коом Кыргызгидромет: 2-октябрда тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет: 2-октябрда тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.

Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көлдүн кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +1…+6

күндүз +5…+10

Талас облусунда

түнкүсүн +0…+5

күндүз +4…+9

Баткен облусунда

түнкүсүн +7…+12

күндүз +12…+17

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +7…+12

күндүз +12…+17

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +2…+7

күндүз +7…+12

Нарын облусунда

түнкүсүн +1…+6

күндүз +7…+12

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5 градус, күндүз +8…+10 градуска жетет.