Коом Кудрет Тайчабаров: Президент Садыр Жапаров добушун Равшан Жээнбековго берди

Кудрет Тайчабаров: Президент Садыр Жапаров добушун Равшан Жээнбековго берди

Мындай оюн ал, социалдык тармактагы баракчасына билдирген.

«Президент бир мандаттуу округдан Равшан Жээнбековго добуш берди. Партиялардан Адинай Мариповага.
Эмнеге мындай болду дегендерге жооп:
Равшан Жээнбеков түрмөдө Сооронбай Жээнбековдун учурунда камалган айып менен отурат. Садыр Жапаров келгенде үй камагына чыгарылган. Бирок, үй камагынын шартын бузганы үчүн укук коргоо органдары кайра камап коюшту. Бул жерде Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок. Сот иштери болбогондо Равшан Жээнбековду АКШга элчи кылалы деген да ою болгон. Бирок, сот иштери бүтпөгөнүнө байланыштуу ал ой ишке ашкан эмес.
Эмнеге Равшан Жээнбековго добуш берди?
Президент Жапаров түрмөдө отурган кезде анын бүт парламенттеги выступленияларын, сүйлөгөн сөздөрүнүн записин, документтерин Равшан Жээнбековдун депутаттык запросу менен Адинай Марипова аркылуу алдырып турган. Ошол материалдар менен президент Жапаров аудитория топтоп, ошол материалдар менег 80 пайыз шайлоочуларды өзүнө бурдура алган. Башка бир дагы депутат Садыр Жапаровго жардам берүүгө жараган эмес. Ошол жакшылыктарын президент эстеп кече Равшан Жээнбековго добушун берди.
Эгерде президент сот иштерине, тергөөгө киришсе, анда Равшан Жээнбеков эчак бошомок. Эгер президент шайлоо иштерине киришсе, кече кеңешчилери Букуев, Кыдырмышев, жардамчысы Адинай Марипова парламентке депутат болуп келишмек. Жадакалса, саясаттагы таянган кадрларынын бири Алмамбет Шыкмаматовдун да добушу жетпей калды. Админ ресурс боюнча сөздү ушуну менен токтотсок жарашат. Ал эми БШКнын алешемдиги башка тема. Ошондойго жол берген Шайылдабекова полный командасы менен жазаланышы керек!

П.С.: Сүрөттү жакшылап карасаңар, чет өлкөлүк журналист Питер Леонард өзүнүн кымбат баалуу, зууму күчтүү аппараты менен президент кимдерге добуш бергенин тартып алган…», — деп жазган ал.