Коом Коронавирустан каза тапкан айыл тургуну артына мурас калтырып кетти

Коронавирустан каза тапкан айыл тургуну артына мурас калтырып кетти

Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Талас областынын Кара-Буура районуна каршатуу Шекер айылынын маданият үйүндө маркум, айыл тургуну Каныбек Алчикеновдун эмгегине таандык «Бийиктик жана тереңдик» аталыштагы Шекер уруусунун санжыра китебинин ачылышы болот. Китептин ачылышы маркумдун ашында атайы уюштурулган иш-чара менен өткөрүлөт, ошондой эле Көк-бөрү оюну ойнотулат.

Бул иш-чарага Кыргызстандын башка аймактарындагы Шекер уруусунун өкүлдөрү катышмакчы. Автор жөнүндө кыскача маалымат. 1959-жылы азыркы Кара-Буура районунун Шекер айылында төрөлгөн. 1966-1975-ж.ж. Шекер орто мектебин бүтүргөн. 1985-1990-ж.ж. Казак Республикасынын Караганды шаарындагы окуу жайдан экономика факультетин бүтүргөн. 1987-1994-ж.ж. Кара-Буура районунун Маймак шаарчасында жайгашкан №29-Жазаларды аткаруу мекемесинде башкы бухгалтер 1994-2006-ж.ж. Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматынын башкы бухгалтери, 2006-2008-ж.ж.

Финансы башкармасынын башчысы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматынын Ардак грамотасы жана башка медалдар менен сыйланган. 2020-жылы пандемия учурунда, көпчүлүктү каптаган оорудан көз жумган.