Коом Кичи автобуска эне-баланы коляскасы менен салбай койгон айдоочу кызматтан алынып, айып пул...

Кичи автобуска эне-баланы коляскасы менен салбай койгон айдоочу кызматтан алынып, айып пул салынды

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бул видео чыгаар замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Арча-Бешик-Дордой каттамына каттаган №203 маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан.

Айдоочусу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталып, ал төмөндөгү түшүндүрмөнү берген: Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм ошол себептүү колясканы салонго салган эмес. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурарын билдирген.

Азыркы учурда бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилүүдө. Кошумчалай кетсек, №203 маршруттук каттамдын бригадасын текшерүүгө алып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынды», — деп жазылат маалыматта.