Коом Казан мектебиндеги атышууну уюштурган кишиге кылмыш иши козголду

Казан мектебиндеги атышууну уюштурган кишиге кылмыш иши козголду

Казан гимназиясына кол салган Илназ Галявиевге кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.


Казан шаарындагы мектепте ок атышуу. Ильназ Галявиев акыл-эси жайында деп табылды
Алардын айтымында, РФ СКнын расмий өкүлү Светлана Петренко Казан гимназиясында ок аткан Илназ Галявиев Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирди. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
«На основании собранных по уголовному делу доказательств ему предъявлено окончательное обвинение в совершении преступлений по четырем статьям: убийство и покушение на убийство двух и более лиц, в том числе малолетних, совершенные общеопасным способом; изготовление и хранение взрывчатых веществ и взрывного устройства; умышленное уничтожение и повреждение чужого имущества», — говорится в сообщении.
Ильназ Галявиев "деструктивдүү интернет субкультураларынын биринин" өкүлдөрүн туурап, массалык киши өлтүрүү жасаганы жана күнөөсүн толугу менен мойнуна алганы белгиленген. Кылмыш иши боюнча 600дөн ашык адам жабырлануучу деп табылган.

2021-жылдын 11-майында 19 жаштагы Ильназ Галявиев Казань шаарындагы №175 мектепте ок чыгарып, 9 киши каза болгон. Сурак учурунда ок аткан адам өзүн кудай деп атаган. 21 адам жарадар болгон.

Автор: Алмазбекова Дефне