Кара-Суу районуна крашатуу Кең-Сай айылында эки жашар кыз ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык 9-сентябрь күнү кечки саат алтыларда болгон.
Маалыматка караганда, өспүрүм өз үйүндөгү туалетке түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барганга чейин ажатканадан кыздын сөөгүн туугандары алып чыгышкан.