Коом “Кара-Кечеде” кайрадан көмүр казуу иштери башталды

“Кара-Кечеде” кайрадан көмүр казуу иштери башталды

Бүгүн, 20-декабрда “Кара-Кече” көмүр кенинде көмүр казуу иштери бир апталык тазалоо иштеринен кийин кайрадан жанданды. Бул тууралу “Кыргыз көмүр” ишканасынан маалымдашты.
“Кара-Кечеде” көмүр жүктөө иштери башталды. Жүктөлгөн көмүр Бишкекке 22-декабрда келет”, – деп билдиришти ишканадан.
Эске салсак, буга чейин Нарын облусунун Жумгал районундагы “Кара-Кече” көмүр кенинде көмүр казуу тазалоо иштерине байланыштуу бир жумага токтотулганы айтылган.