Коом Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө

Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө

2021-жылдын июнь айында Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Биримкулов Бактыбек Настаевич өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн ички иштер органдарынан изин жашырып качып жүрөт.

2021-жылдын 1-июлунда Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ага карата издөө жарыяланган. Б.Биримкуловдун өзгөчө белгилери: Бою 165-170 см., денеси орто түзүлүштө, бети тоголок түзүлүштө.

Кара-Буура РИИБи Б.Биримкулов боюнча кандайдыр-бир маалымат болсо төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылып коюңуздарды өтүнөт. Телефон номурлары: 03422 5-27-79, 0500 56-76-76 же 102 кызматына.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы