Камбоджада 74 жаштагы Хим Ханг күйөөсү кайрадан торпок болуп төрөлдү деп эсептейт. Бул тууралуу маалыматты Рамблер сайты жазып чыкты.
Аялдын айтымында, күйөөсү каза тапкандан кийин жалгыз калган аял капа болуп отурганында торпок келип аны бетинен жалаган. Андан кийин аял күйөөсү кайрадан торпок болуп келип жатканына ынанган.
Хим Ханг торпокту үйүнө жашатып, күйөөсү жаткан жаздыкка чейин жаткырып келет.
Аял балдарынан торпокко жакшы мамиле кылууну суранып, сатпоону суранган. Ал өлгөндөн кийин дагы адамга жасалган жөрөлгөлөр менен көмүлө турганын айткан.
Коом Камбоджада күйөөсүнөн айрылган аял торпокко турмушка чыкты