Коом Кайрат Иманалиев КТРК директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев КТРК директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

КТРКда жетекчилик алмашты. Байкоочу кеңеш Бактияр Алиевдин жазган арызын карап чыгып, аны ээлеген кызматынан бошотту.

Анын ордуна мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Кайрат Иманалиев КТРК директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бактияр Алиев КТРКнын директору болуп, өткөн жылдын декабрь айында дайындалган эле.