Коом Көмүрдү кайдан сатып алса болот? Даректер

Көмүрдү кайдан сатып алса болот? Даректер

Азыр шаарда отундун алты кампасы жана көмүр сатуучу стационардык жети пункт бар. Муниципалитет даректерди тизмектеди.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкекте көмүр сатуучу стационардык пункттар ачылып, көмүр базалары да иштеп жатат, деп билдирди мэриядан.

«Шаарда отундун алты базасы жана көмүр сатуучу жети стационардык пункт бар. Жакын арада турак жайлардагы дагы 35 пункт ачылат», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Ленин районунда төмөнкү отун базалары иштейт:

  • ЖЧК «Ак-Жол» (Мурманская көчөсү, 1а);
  • ООО «Торг-Синтез», «Кара-Жыра» (Мурманская көчөсү, 59а);
  • ООО «Береке» (Мурманская көчөсү, 259);
  • ООО «Беш-Сары» (Мурманская көчөсү, 186).

Октябрь районунда:

  • «Торг-Синтез» ЖЧКсы (Төкөлдөш турак-жайы, Аламүдүн бекети).

Свердлов районунда:

  • ООО «Восход и К» (Достоевский көчөсү, 1).

Ленин районунда төмөнкү көмүр сатуучу пункттар иштейт:

  • Пушкин көчөсү, 182;
  • Гагарин көчөсү, 67;
  • Баррикадный көчөсү, 2.

Свердлов районунда:

  • «Учкун» турак жайы;
  • Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
  • «Келечек» турак жайы;
  • «Ак-Бата» турак жайы.