Ушул жылдын сентябрь айынан баштап Нарындын Кочкор районунун тургуну Р.Ж. белгисиз адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз оңой материалдык пайда табуу максатын көздөшкөн.
Алар “Альфа-Телеком” ЖАКтын жана “Нур-Телеком” ЖЧКнын абоненттеринин Конституциалык укугун бузуп, шантаж жолу менен “Ички иштер министрлигинин билдирүүсү! Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган материалдар камтылган сайттарга киргениңиз үчүн бөгөттөлдүңүз….. Бөгөттөн чыгуу үчүн мамлекеттик капчыкка айып төлөшүңүз керек… ” – деген SMSти күмөн Интернет сайттар аркылуу жарандарга жиберишкен.
Аларды коркутуу менен опузалап 2200 сом акча талап кылышып, төлөм терминалдарын колдонушуп АУБ, Easy Pay, QIWI, Кошолек Компаньон, О! Деньги, Элсом, МБанк Online жана Optima24 аркылуу өзүлөрүнүн электрондук капчыктарга жарандардын акчаларын которттуруп алышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга болжол менен 500 миңден ашык чыгым келтирилгени аныкталган.
Жабырлануучулардын саны дагы такталууда.
Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен Кочкор РИИБнүн КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча шектүү Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну 1989-жылы туулган Р.Ж. кармалды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
“Альфа-Телеком” ЖАКтын коопсуздук боюнча кызматкерлери кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшкөн.
Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы