Коом Изделип жаткан Айсулуу табылып, үйүнө кайтып келди

Изделип жаткан Айсулуу табылып, үйүнө кайтып келди

Бишкекте дайынсыз болуп изделип аткан өспүрүм Каныбек кызы Айсулуу үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-августта мурда дайынсыз болуп аткан кыздын ата-энеси болжол менен саат 21:00дөр чамасында алардын кызы аман-эсен үйүнө келгенин билдиришкен.

Эскерте кетсек, 24-августта шаар тургуну Н.Г. милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Каныбек кызы Айсулууну табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 2022-жылы 23-августта 20:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы «Баткен» кафесинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.

Учурда милиция иш боюнча бардык жагдайларды иликтеп жатат.