Коом ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 97 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чара ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда болуп өттү. Салтанаттуу майрам мамлекетибиздин ички тартибин, жарандардын коопсуздугун коргоо үчүн кылмышкерлер менен күрөшүүдө курман болгон кызматкерлерди эскерип, алардын эстелигине гүл коюу менен башталды. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун 10 кызматкери кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон.
Бүгүнкү салтанаттуу майрамы менен полктун командири милициянын полковниги Аскат Султаналиев өздүк курамды жана ардагерлерди куттуктап сөз сүйлөдү:

Мамлекетибиздин коомдук тартибин бекемдөө, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жөнөкөй эмес оор кызматыңыздарды, атуулдук абийир менен татыктуу аткарып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин кызмат жогорку кесипкөйлүүлүктү, эрктүүлүктү жеке адептүүлүктү талап кылыт. Ошол себептен ар бирибиз берген антыбызга бек туруп, элдин бейкуттугуна арналган кызматыбызды ар качан ийгиликтер коштосун.

Кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымдары үчүн полктун кызматкерлери жана ардагерлери ички иштер министринин жана полктун командиринин буйруктары менен ар кандай медалдар, грамоталар менен сыйланып, атайын наамдар ыйгарылды.
Салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы