Коом ИИМдин “Шумкар” АБПнын өздүк курамы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

ИИМдин “Шумкар” АБПнын өздүк курамы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты


2021-жылдын 9-ноябрь күнү ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы 7-ноябрь-Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Эскерте кетсек, бул маанилүү күн Кыргызстанда 2017-жылдан баштап белгиленип келет.

Тарыхы нечен кылым карыткан кыргыз элибизден чыккан, улуу ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун унуткарбай эскерүү кызматкерлердин маданий деңгээлин жогорулатууга, берген антына, кызматтык тапшырмасына берилгендигин калыптандырууга, жарандык-патриоттук сезимдерин жогорулатып, алдыга жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууда дем-күч берет.

“Тарыхы болбой, эл болбойт”,- демекчи, ар бир элдин басып өткөн тарыхы маданияты жана каада-салты анын учурдагы жашоосу үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы