Коом ИИМ: Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоого даярдык чаралары көрүлүүдө

ИИМ: Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоого даярдык чаралары көрүлүүдө

2021-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун аймагына болгон иш-сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун, Кыргыз Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда, уюштурулуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйынына катышты.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясы тарабынан, Нарын облусундагы укук коргоо органдарынын катышуусунда, Нарын шаардык Мэриясынын жыйындар залында шайлоо боюнча өткөрүлүп жаткан семинар-тренинг болуп өттү.

Анда, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, шайлоону үзгүлтүккө учуратууга багытталган аракеттерди болтурбоо, алдын алуу, ыйгарым укуктарга ылайык талапкерлердин административдик жана башка ресуртарды колдонушуна жол бербөө, аныкталган укук бузуулар боюнча тез арада мыйзамдуу чара көрүп, аныкталаган укук бузуулар жана аларга карата колдонулган мыйзамдуу чаралар тууралуу жалпыга маалыдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тапшырма берди.

ИИМдин басма сөз кызматы