Спорт Футбол: Кыргызстан Палестинаны жеңди

Футбол: Кыргызстан Палестинаны жеңди

2-сентябрда Бишкекте башталган «Үч улуттун кубогу» мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон оюндагы жалгыз голду 25-мүнөттө Азим Азаров киргизди.

Эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт.