Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте дагы эки беттеш өткөрөт.
Оюндар 8 жана 12-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматовдун айтымында, учурда Гамбия жана Сингапур курама командалары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Буга чейин Бишкекте «Үч улуттун кубогу» эл аралык турнири болуп өттү. Анда Кыргызстандын курама командасы Палестина (1:0) жана Бангладеш (4:1) курама командаларын утуп алды.