Коом Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз президент Макронго ишеним грамота тапшырды

Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз президент Макронго ишеним грамота тапшырды

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Елисей сарайында аталган мамлекеттин президенти Эммануэль Макронго ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Иш-чарага Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, президенттин дипломатиялык кеңешчиси Бонн катышкан.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Макрон 2021-жылдын 2-ноябрында Глазго шаарында өткөн Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканын, кызматташтыкты эки тараптуу жана Борбордук Азия — Франция аймактык форматында өнүктүрүүнү белгиледи», — деп айтылган маалыматта.

Элчи Садык Шер-Нияз Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айткан. Анын Францияга жакынкы келечекте жасалышы мүмкүн деген сапары боюнча жүрүп жаткан иштерден маалымат берген.

Кыргыз элчиси Франция менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө КРдин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын айтты.